Бишкекте сууну көп талап кылган объектилерге суу берүү токтотулду. “Бишкек суу каналы” ишканасынан билдиришкендей, чектөөлөр суу тартыштыгы менен абал жакшырганга чейин күчүндө болот.
Мэрия маалыматы боюнча Кривоносов – Муром – Алыкулов – Семетей – Иманалиев – Шабдан Баатыр – БЧК жана Достоевский көчөлөрүн бириктирген бөлүктө жайгашкан унаа, килем жуучу жайлар, мочно-сауналар жана бассейндер убактылуу суудан өчүрүлдү.