Президент Садыр Жапаров калкты кайра каттоону өткөрүүгө сапаттуу даярдык көрүү иштерин камсыздоо тапшырмасын берди.
Иштер өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жүргүзүлүшү керек, — деп билдиришти өлкө башчы аппаратынан.
Эске салсак, калкты массалык түрдө каттоо былтыр март, апрель айларында өткөрүлмөк. Бирок иштер пандемиядан улам токтотулган.