Ленин районуна жаңы аким дайындалды

Ленин районуна жаңы аким дайындалды.

Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, кызматка Мелис Өскөмбаев бекитилди.

Аталган орунду буга чейин ээлеп келген Чынасыл Чыныбаев өз каалоосу менен иштен бошотулган.

Ал район акими болуп 2020-жылдын август айында дайындалган.