Кыргызстанда жарандардын жеке маалыматын коргой турган  мамлекеттик орган түзүлөт

Кыргызстанда жарандардын жеке маалыматын коргой турган  мамлекеттик орган түзүлөт. Бул тууралуу Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дастан Догоев билдирди.

 

Анын айтымында, учурда бул тууралуу токтом долбоору даярдалууда. Мекемелер менен макулдашып, кабыл алганча эки-үч ай убакыт талап кылынат. Жеке маалыматты коргоо боюнча мамлекеттик орган түзүү  ведомствонун “жол картасында” каралган, — деди Догоев.