Бишкекке Түштүк Кореядан келген 5 кыргызстандык үй шартындагы обсервацияга жөнөтүлөт

Бишкекке Түштүк Кореядан келген 5 кыргызстандык үй шартындагы обсервацияга жөнөтүлөт. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, алардын бардыгы бир үй-бүлө мүчөлөрү. Алар лобараториялык иликтөөдөн өттү, коронавирус аныкталган жок.

 

Эреже боюнча, алар 2 жумалык карантинге алынышы керек болчу. Бирок бир баласынын ден-соолугу чектелген, ал эми экинчи баласы өтө эле кичинекей болгондуктан, аларды үйлөрүнө кое берүү чечими кабыл алынган. Үй-бүлө мүчөлөрүнө эл көп чогулган жерлерге барууга тыюу салынды.