Бишкектин “Тунгуч” кичи районунда бала бакчанын курулушу ушул жазда аяктайт. Ордо калаа мэриясынын маалыматына ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемеси 140 бөбөккө эсептелген.
Эки кабаттуу имаратта 5 тайпа жайгаштырылат. Бүгүнкү күнгө карата курулуш иштеринин 80 пайызы аяктап калды. Бала бакчанын айланасы көрктөндүрүлүп жатат. Долбоордун жалпы баасы 44 миллион сомду түзөт.