Айдоочу күбөлүктөрдү жарандар эс алуу күндөрү дагы ала алышат

Айдоочу күбөлүктөрдү жарандар эс алуу күндөрү дагы ала алышат. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, Ауэзов 1/5 дарегиндеги калкты тейлөөчү борбор ушул эс алуу күндөрү – 28-29-декабрда дагы иштейт.

 

Убактылуу айдоочу күбөлүктөрдү алмаштырууга арыздар “Унаа” мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрүндө кабыл алынат, — дешти ведомстводон. Белгилеп кетсек, убактылуу айдоочу күбөлүктөрүнүн мөөнөтү 2020-жылдын 15-февралына чейин узартылды.