Кыргызстанда жеңил таксилерге лицензиялаштыруу тартиби киргизилет

Кыргызстанда жеңил таксилерге лицензиялаштыруу тартиби киргизилет. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы президенттин жарлыгынан кийин документтерди даярдоого киришти.

 

Ведомство жетекчиси Ыманалы Саркуловдун айтымында, учурда таксисттер лицензиясы жок иштейт. Ал эми өз ыктыяры менен алган патенттер эч кандай милдеттенмелерди бербегендиктен, авариялар дагы көп катталат.

 

Лицензия киргизүү менен айдоочулардын жоопкерчлиги күчөтүлүп, мамлекет тарабынан көзөмөл жүргүзүлөт. Министрлер кабинети лицензиялаштыруу эрежелерин иштеп чыгууда.