Бишкектин аймагы 8 миң гектарга кеңейет

Бишкектин аймагы 8 миң гектарга кеңейет. Бул тууралуу 24 агенттиги

муниципалитетке таянуу менен жазып чыкты. Маалыматка караганда,

2025-жылга чейин шаардын түштүк-чыгыш тарабындагы Чүй облусуна

тиешелүү болгон аймак Бишкекке кошулат. Ордо калаанын чек арасын

аныктоо Аламедин районунун администрациясы менен кээ бир

келишпестиктерден улам кечеңдеп жатат. Ал эми ордо калаанын

учурдагы аймагы 18 миң гектарты түзөт.