Жапаров Ысык-Көлдө рекорд койгон спортчу Шуликону куттуктады

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн 180 чакырымдан ашуун узундугун башынан аягына чейин сүзүп өткөн спортчу Владислава Шуликону рекорд койгону менен куттуктады.

 

Баткенде иш сапарында жүргөн мамлекет башчысы суучулга телефон чалып куттуктаганын 27-августта президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Бардык кыргызстандыктар, анын ичинде мен да алты күн бою көлдө сүзүүңүздү сарсанаа болуп карап жаттык. Сиз койгон рекорд тууралуу кабарды чоң кубаныч жана толкундануу менен кабыл алдым. Сиз биздин чоң сыймыгыбызсыз. Сизге чейин минтип эч ким сүзгөн эмес. Сиздин чеберчилик, өжөрлүк жана Мекениңиз – Кыргыз Республикасын таанытууга болгон эркиңиз коюлган максатка жетүүгө жардам берди», — деп белгиледи президент.

 

Кыргызстандык спортчу, 21 жаштагы суучул Владислав Шулико Ысык-Көлдү узунунан алты күн ичинде сүзүп өтүп, бүгүн 27-августта рекорд койду. Спортчунун 22-августта Караколдон башталган марафону Балыкчыда ийгиликтүү жыйынтыкталды.

 

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик белгилегендей, сууда сүзүү боюнча спорт чебери Владислав Шулико Караколдон бери өткөн 180 чакырымдан ашуун дистанция олимпиадалык 3600 бассейнге барабар.

 

Шуликонун коопсуздугун камсыздоо үчүн облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгын кызматкерлери кайыктар менен коштоп жүрүштү.

Буга чейин 2018-жылы алты киши Ысык-Көлдүн бир жээгинен экинчи жээгине сүзүп өтүү боюнча эл аралык Issyk-Kul Swim Challenge жарышына катышкан.

Ысык-Көлдүн узундугу 182, туурасы 58 чакырым. Эң терең жери 702 метр.

 

Владислав Шулико бир катар эл аралык таймаштарга катышып, байгелүү орундарды ээлеген.