Маршруттук таксинин айдоочулары санитардык талаптарды сактабагандыгы үчүн 56 мин сомго айыпка тартылды. Мэриянын маалыматына ылайык, коомдук транспорт рейддери уланууда.
Инспекторлор маршруттук таксилерде санитайзерлердин бар-жоктугун жана беткап режиминин сакталышын текшерип жатат. Талаптарды бузгандарга эскертүүлөр берилди. Бузуулар кайталанса, протоколдор түзүлөт.