Кыргызстанда жогорку окуу жайлар качан кадимки режимге кайтып келет азырынча белгисиз

Кыргызстанда жогорку окуу жайлар качан кадимки режимге кайтып келет азырынча белгисиз. Бул тууралуу novosti.kgге Билим берүү министрлигинен билдиришти.

 

Андан белгиешкендей, бул маселе ведомстводо карала элек. Эске салсак, буга чейин билим берүү министри Каныбек Исаков эпидемиологиялык абал жакшырса, Кыргызстан мектептери октябрдан тарта ачылып, бардык окуучулар салттуу форматта билим алып калышы мүмкүн деп жарыялаган.