Кыргызстан жана Өзбекстандын жумушчу топтору чек арадагы такталбаган тилкелерди карап чыкты

Кыргызстан жана Өзбекстандын жумушчу топтору чек арадагы такталбаган тилкелерди карап чыкты. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, кеп Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Аксы райондору тууралуу болуп жатат.

 

Министрлер кабинетинен белгилешкендей, эки тарап айрым суроолор боюнча бир пикирге келишти. Эске салсак, Өзбекстан менен чек араны тактоо боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр пандемия учурунда токтотулуп, августта кайра жанданды.