Бишкекте 1-февралдан тартып мектеп жана бала бакчаларды ачуу маселеси чечиле элек

Бишкекте 1-февралдан тартып мектеп жана бала бакчаларды ачуу маселеси чечиле элек.

Кабарга Санэпидем көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев билдиргендей,

учурда бул маселе талкууланып жатат. Белгилеп кетсек, мэрияга 1-февралдан тарта бардык

мектеп жана мектепке чейинки даярдоо мекемелерин салттуу режимге өткөрүү боюнча

расмий буйрук келген эмес. Ал эми Билим берүү министрлиги салттуу режимге өтүү боюнча

чечимди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Санэпидкөзөмөл борбору менен

бирге кабыл аларын билдирет. Эске салсак, учурда Бишкекте 1-5-9-11-класстын

окуучулары кадимки режимде билим алууда.