Кыргызстанда жол эрежесин бузуу үчүн айыпты өз убагында төлөбөгөндөргө кошулган туумду алып салуу сунушталды

Кыргызстанда жол эрежесин бузуу үчүн айыпты өз убагында төлөбөгөндөргө кошулган туумду алып салуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорду Ички иштер министрлиги коомдук талкууга чыгарды.

 

Ведомстводон белгилешкендей, мындай демилге жарандардын бийлик органдарына болгон ишенимин арттырмак. Буга чейин айып төлөөдө туумдарды алып салуу суранычы менен көптөгөн унаа ээлери министрликке кайрылып келгени айтылды.

 

Бул маселе Жогорку Кеңеште дагы бир нече жолу каралган.