Төө-Ашууда жана Боом капчыгайында кыймыл татаалданды.
Туман түшүп, кар жаап, жолдор тайгак болот. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей,
аба-ырайынын бузулушу 29-декабрдан 31ине чейин күтүлөт.
Бишкек – Ош жана Бишкек – Торугарт унаа жолдоруна каттамга чыга турган
айдоочулар ылдамдыкты жогорулатпай, коопсуздук эрежесин бузбай,
унаалар ортосундагы аралыкты сакташы керек. Ошондой эле жол
кырсыктарын алдын алуу максатында жайкы дөңгөлөктөрдү сөзсүз кышкыга алмаштыруу зарыл.