Кыргызстанда жылына орто эсеп менен 50-51 миңдей түгөй баш кошуп, 10-12 миңдей жуп ажырашат.
Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Калый Жунусова билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкөдө ар жылы 145 миңден ашык ымыркай төрөлөт.
Ошондой эле 35-36 миңдей адам көз жумат.