Мектеп окуучуларынын тамак-ашына бөлүнгөн каражат көбөйүшү күтүлүүдө

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын тамак-ашына бөлүнгөн каражат көбөйүшү күтүлүүдө.

Долбоорду Билим берүү министрлиги демилгелеп жатат.

Мекеме буга чейин башталгыч класстын окуучулары үчүн булочка жана суусундук гана берилип келгенин белгилейт.

Кийинчерээк донорлордун колдоосу менен мектептерде ысык тамак киргизиле баштаган.

Бирок азык-түлүктүн баасынын кескин жогорулашына байланыштуу көптөгөн мекемелер ысык тамак бере албай жатышат.

Ушул жагдайларды эске алуу менен Билим берүү министрлиги 1-январдан тарта бир окуучуга базалык сумманы 7 сомдон 20 сомго чейин көтөрүүнү сунуштоодо.

Документ талкууга коюлду.