Жалал-Абадда жаңы күндүзгү 30 орундуу стационар ачылды.
Бейтаптар паспортун, рентген жана ПЦР-тестин көрсөтүшү керек.
Убактылуу медициналык мекеме саат 8ден кечки 8ге чейин иштейт.
Белгилеп кетсек, калаа аймагындагы мекеме, ишкана, банк,
соода борборлору жана базарларда антисептиктер орнотулуп,
андагы адамдар беткапчан болушу шарт.