Кыргызстандык Даниель Токтосунов Ысык-Көлдү айланып чуркап өттү

Кыргызстандык Даниель Токтосунов Ысык-Көлдү айланып чуркап өттү. Ал жалпысынан 444 чакырымды багындырды. 24 агенттигине Токтосунов өзү айтып бергендей, көлдү айланып өтүүгө 5 күн талап кылынды.

 

Ал күнүнө 12-15 саат чуркап, 2-3 саат эс алып жатты. Муну менен Даниель Токтосунов жаштарды саламат жашоого үндөй турганын билдирди.