Ноокат районунда жаңы мектеп колдонууга берилди. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, 225 окуучуга эсептелген мектеп Тескей-Кожоке айылында пайда болду.
Анда ашкана, спорт зал, компьютердик класстар бар. Курулушка республикалык бюджеттен 51 миллион сом бөлүнгөн.