Швециялык спортчу 26 жыл сакталып келген дүйнөлүк рекордду жаңылады

Швециялык жеңил атлетчи Арман Дюплантис бийиктикке секирүү боюнча дүйнөлүк рекордду жаңылады. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазып чыгышты.

 

Маалыматка ылайык, спортчу буга Римдеги «Бриллиант Лигасында» 17-сентябрда жетишти. Ал 6 метр 15 сантиметрге секирип, мурдагы союздашы, украиналык белгилүү спортчу Сергей Бубканын 1994-жылы койгон рекордун жаңылады. Бубканын рекорду 6 метр 14 сантиметр болгон, тагыраагы, Дюплантистикинен 1 сантиметрге төмөн.

 

Ал эми аялдар арасында спорттун бул түрү боюнча дүйнөлүк рекорд орусиялык Елена Исинбаевага жана АКШда Женнифер Сурга таандык.