Ош шаарында таза суу бир суткага өчүрүлөт.
Түштүк борбор мэриясынан билдиришкендей, 1-май түнкү саат 12ден 2-май түнкү саат 12ге чейин суу болбойт. Буга Ош шаарын таза суу менен камсыздоо долбоорунун 1-этабынын алкагында учурдагы суу түтүктөрүн борбордук суу түтүктөрүнө кошуу жана оңдоо иштери себеп болууда.
Бул аралыкта Манас-Ата, Туран, Достук кичи райондорунда жана Калинин жаңы конушунда суу өчүрүлбөйт.