Кыргызстандыктар кикбоксинг боюнча эл аралык турнирде 23 медалга ээ болушту

Кыргызстандыктар кикбоксинг боюнча эл аралык турнирде 23 медалга ээ болушту. Спорт басылмаларынын маалыматына ылайык, мелдештер Ташкентте өттү. Биздин өлкөнүн капчыгында 9 алтын жана жетиден күмүш, коло медалдар бар.

 

Кыргызстан жалпы командалык эсепте 4-орунга ээ болду. Биринчи позицияда Өзбекстан, экинчиде Казакстан, үчүнчүдө Тажикстан жайгашат.