Бүгүн, 27—майда, Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында
“Китепкана күнү” белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана
жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында министр Кайрат Иманалиев бир катар
китепкана кызматкерлерине сыйлыктарды жана белектерди тапшырат. Иш-чарага
республикалык, шаардык, райондук китепкана жетекчилери жана кызматкерлери катышат.
Кыргызстанда китепкана күнү Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2008-жылдын
17-июнундагы жарлыгы менен китепканаларды өнүктүрүү
максатында «Китепкана күнү» токтом кабыл алынган.