Тогуз-Торонун Сары-Кыр ашуусунда бир жеңил машине жана эки жук ташуучу автоунаа айдоочулары жана жүргүнчүлөрү менен кар алдында калды. Арасында балдар да бар. Бул тууралуу «Азаттыкка» Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан басма сөз кызматкери Ислам Жолборсбек уулу билдирди.
22-октябрда түш ченде куткаруучулар тийиштүү техникалар менен окуя болгон жерге жөнөп кетишкен.
Жалал-Абад — Казарман жолу жылына суук түшкөндө беш ай жабык болуп, Тогуз-Торо районунун тургундары башка аймактарга Нарын аркылуу катташат.
Аба ырайы кескин өзгөрүп, кар калың жаагандыктан жана бороондон улам Бишкек — Ош жолуна да чектөө киргизилди.