Маданият министрлигинин алдында атайын Коомдук кеңеш түзүлдү

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдында атайын Коомдук кеңеш түзүлдү.

Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Ага театр, кино, кесиптик билим берүү, музей, китепкана, адабият, искусство, сүрөт, кол өнөрчүлүк,

маданий мурас, музыка, маалымат, спорт, жаштар иштери боюнча тажрыйбалуу адистер кирди.

Максаты — тармактын аксап жаткан багыттарынын маселелерин алдын алуу жана аларга карата

комплекстүү чара көрүүдө министрликтин иштерин биргеликте иш жүзүнө ашыруу.

Мындан ары уюм белгилүү учурда атайын отурумга чогулуп, тиешелүү чечимдерди кабыл алып туруу принциби менен иш алып барат.

Кеңештин келечектеги ишин талкуулоо үчүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри

Кайрат Иманалиев бир катар коомдук, маданий, спорт жана жаштар саясаты ишмерлери менен жолукту.

«Спорт жана жаштар — улуттун жүзү, аталган тармактардын бардык күнгөй-тескейин, маселелерин жети өлчөп,

бир кесүү максатында түзүлүп жаткан кеңеш келечекте өз жемишин берет деп ишенем. Ошондой эле

маалыматтык саясат мамлекет үчүн канчалык зор мааниге ээ экендигин билебиз», — деди министр жыйында.

Белгилей кетсек, мындай кеңешти түзүү Маданият министрлигинин тармактык иш алып баруусу кеңейип

жаткандыгына байланыштуу. Министрликке маданият, маалымат, спорт жана жаштар иши

боюнча мамлекеттик саясатты алып баруу вазыйпасы жүктөлгөн.