Кыргызстандыктар дүкөндөрдө азык-түлүктү белгиленген баада сатып алууну талап кылса болот

Кыргызстандыктар дүкөндөрдө азык-түлүктү белгиленген баада сатып

алууну талап кылса болот. Монополдукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик

агенттигинен билдиришкендей, мамлекет тарабынан көзөмөлдөнүүчү

азыктардын тизмеси бар. Ун, кумшекер, өсүмдүк майы, жумшартылган май,

макарон азыктары, нан, сүт, эт, жумуртка, күрүч жана картошка.

Сатуучулар аталган азыктардын баасын негизсиз көтөрсө,

он миңден 28 миңге чейин айып төлөөгө мажбур болот.