Мамлекеттик карыз февралдын жыйынтыгы боюнча ар бир кыргызстандыкка 745,5 доллардан туура келет.
Бересе бир айда 5 долларга азайды. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө карызы
4 миллиард 948,5 миллион долларды түзөт. Сумманын басымдуу бөлүгү тышкы, азыраагы ички карыз.
Республика көбүнчө ар тармакка алынган жеңилдетилген насыяларга жана Кытайдын Эксим банкына бересе.