Кыргызстандыктар майда 13 күн эс алышат

Кыргызстандыктар майда 13 күн эс алышат. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, кадимки ишемби, жекшемби дем алыштарынан тышкары, 5-10-13-майда өлкөдө майрамдык эс алуу жарыяланат.

 

5-май Конституция күнү болсо, 13-май Орозо айт. Ал эми 10-майда кыргызстандыктар, 9-май Жеңиш күнү жекшембиге туура келгендиктен, жумушка чыкпайт.