Бишкек мэриясы атайын кызматтарды башаламан соодага каршы күрөшүүгө чакырды

Бишкек мэриясы атайын кызматтарды башаламан соодага каршы күрөшүүгө чакырды. Муниципалитеттен белгилешкенлей, шаар тургундарынан айрым кызматтык жактарга алар акча алып, башаламан соодага уруксат берип жатат деген даттануулар түшүп жатат.

 

Мындай фактылар шаардагы 3 базардын аймагында катталууда. Андан улам, мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев УКМКга расмий кат жөнөтүп, текшерүү жүргүзүүнү суранды.