Кыргызстанда жайкы Олимпиада оюндарына даярдык кызуу жүрүүдө

Кыргызстанда жайкы Олимпиада оюндарына даярдык кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу кененирээк Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин бөлүм жетекчиси Марат Аскарбеков айтып берет.

 

“Азыркы учурда спортчулардын олимпиадага даярдыгы лицензияларды алуу этабында турат. Өзүңүздөр билгендей, 2 күн мурун эле Алмата шаарында лицензиялык мелдеш аяктады. Азиялык квалификациялык спорт, күрөш түрлөрү боюнча. Ал жактан биздин спортчулар 6 лицензия алганга жетишти”

 

Кошумчалап кетсек, учурга карата Кыргызстан капчыгында Олимпиада оюндарына 11 лицензия бар.