Кыргызстандын ар бир облусунда комплекстүү ооруканалар курулат

Кыргызстандын ар бир облусунда комплекстүү ооруканалар курулат. Буга Талас облусуна болгон сапарында президент Сооронбай Жээнбеков ишендирди. Анын айтымында, бардык талаптарга жооп бере турган медицина жайларын курууга инвесторлор изделип жатат.

 

Эске салсак, 100 орундуу ооруканалар Бишкек жана Ошто жакынкы арада пайда болот. Курулуш иштери эмки жумада башталмакчы.