Медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын аймактык кызматтары карантинге жабылды

Медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын аймактык кызматтары карантинге жабылды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Ведомство маалыматына ылайык, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин абалын күбөлөндүрүү процедурасы 1-августка чейин жүргүзүлбөйт. Майыптык боюнча төлөмдөр документтер талап кылынбай эле бериле берет. Калган процедуралар карантинден кийин жасалат.