Чолпон-Ата шаарынын ат майданында президентин кубогу өтөт.
Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, кубоктун алкагында ат чабыш,
эр эңиш жана салбурун боюнча оюндар уюштурулат. Кошумчаласак,
аталган мелдеш жыл сайын 31-августта, Кыргызстандын эгемендүүлүк
күнүндө өтүп келген. Быйыл эпидемиологиялык абалга байланыштуу кийинкиге жылдырылган.