Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Түркияда Манастын эстелиги ачылат.
Өлкөнүн Түркиядагы элчилигинен билдиришкендей, айкелдин ачылыш аземи эң чоң деп
эсептелген Кечиөрен муниципалитетинде 31-августта өтөт. Андан тышкары, Анкарада сүрөт
көргөзмөсү ачылган. Ага Кыргызстан тарыхын, маданиятын, жаратылышын жана
салттуу жашоосун, улуттук оюндарын чагылдырган сүрөттөр коюлду. Кирүү акысыз.