Бишкекте кыргыз-түрк достук ооруканасы ачылды

Бишкекте кыргыз-түрк достук ооруканасы ачылды.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында,

медициналык мекемеде жогорку технологиялуу операциялар жана

дарылоолор жүргүзүлөт. Бул өз кезегинде дарылануу үчүн чет

өлкөгө кетип жаткан жарандардын санын азайтат. Андан ошондой эле

чет өлкөлүк жана жарандыгы жок бейтаптар дагы медициналык жардам ала алышат.

Андан тышкары, келишимдин алкагында жаңы ооруканада

жогорку деңгээлдеги түркиялык 60 дарыгер иштейт.