Кыргызстандын «Акыркы көч» тасмасы эл аралык кинофестивалга катышат.
Иш-чарага биздин өлкөдөн тышкары Япония, Вьетнам, Кытай, Иран, Корея,
Түркия, Иордания, Палестина жана Катар мамлекеттеринин кинокартиналары катышат.
Тасманын режиссёрлору — Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу. Иш-чара Ирандын
Тегеран шаарында аралаш форматта 26-майдан 2-июнга чейин өтөт. Кошумчаласак,
“Акыркы көч” тасмасы буга чейин эки ирет дүйнөлүк аренага чыгып байгелүү орунга татыган.