Түркияда Чыңгыз Айтматов тууралуу макалалар жыйнагы жарык көрдү

«Bozkırın Uyanışı CENGIZ AYTMATOV» аттуу эки томдук китепке 23 өлкөдөн 98 тилчи-адабиятчынын макалалары кирди. Анын ичинде кыргызстандык авторлордун 52 макаласы бар. Бул туралуу «Азаттыкка» адабиятчы, окумуштуу, сынчы Абдылдажан Акматалиев билдирди.

 

“Бул долбоор 2018-жылы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата пландалган болчу. Китепке Айтматовду изилдөөчүлөрдүн эмгектери кирди».

 

Түрк тилинде чыккан жыйнакка Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков баш сөз жазып беришкен. Китептин чыгышына, түрк тилине которулушуна Түркиянын маданият ишмерлери Өмер Эрдоган, Мустафа Караш, Мустафа Акбаш салым кошкон.

 

Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту китептин бет ачарын Бишкекте, 10-сентябрда Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги менен чогуу өткөрдү.