Кыргызстандын медициналык жогорку окуу жайларында дээрлик 32 миң чет элдик студент билим алат

Кыргызстандын медициналык жогорку окуу жайларында дээрлик 32 миң чет элдик студент билим алат.

 

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, алардын басымдуусу жеке университеттерде окуйт.

 

Биздин өлкөнүн окуу жайларын көбүнчө Индия жана Пакистандын студенттери тандайт. Андан тышкары, Өзбекстан, Россия, Казакстан, Тажикстан жана башка мамлекеттерден келгендер дагы бар. Эске салсак, учурда Кыргызстанда медициналык тармакта 23 жогорку окуу жай билим берет.