Кара-Сууда “Унаа” мамлекеттик ишканасынын калкты тейлөө бөлүмү ачылды

Кара-Сууда “Унаа” мамлекеттик ишканасынын калкты тейлөө бөлүмү ачылды. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, аймактык сектор “бирдиктүү терезе” системасы менен иштейт.

 

Бул жерден айдоочу күбөлүктөрүн, мамлекеттик унаа номерлерин алуу, транспорт каражатын каттоо жана кайра каттоо кызматтары көрсөтүлөт. Бөлүм автоматташкан система менен иштейт.