Кыргызстандын мектептеринде китептерди эсепке алуунун электрондук системасы киргизилип жатат

Кыргызстандын мектептеринде китептерди эсепке алуунун электрондук системасы киргизилип жатат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, бул ведомствого дагы окуу жайларга дагы китептердин санын жана алардын абалын билип турууга шарт түзөт.

 

Учурда китепкананын кызматкерлери отчетторду колго толтуруп берсе, эми  бул система автоматташкан болот. Азиялык өнүктүрүү банкы ар бир китепканачыга бирден компьютер сатып берүүгө даяр. Жаңычылдык мектептерде жарым жыл ичинде колдонулуп баштайт.