Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди

Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, күчү 5 баллга жеткен жер алдындагы силкинүүлөр  эртең мененки саат 10:39да катталды. Анын очогу Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылынан түндүк-чыгышты карай 15 чакырым аралыкта жайгашты.

 

Кашка-Суу, Жайылма, Кара-Шыбак, Кабык жана Талды-Суу айылдарында 4 баллга чейин сезилди. Кыйроолор жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок.