Кыргызстандын мыкты 70 студенти президенттик стипендияга ээ болот

Кыргызстандын мыкты 70 студенти президенттик стипендияга ээ болот. Тиешелүү буйрукка өлкө башчынын милдетин аткарып жаткан Талант Мамытов кол койду. Артыкчылыкка ээ болгон студентке 50 мин сомдон ыйгарылат.

 

Белгилеп кетсек, студенттердин жана курсанттардын тизмеси жумушчу топ тарабынан түзүп, ал эми билим берүү суроолору боюнча комиссия тарабынан бекитилди.