Мамлекеттик каттоо кызматы тез арада даярдалуучу акылуу кызматтардын бааларын бекитти

Мамлекеттик каттоо кызматы тез арада даярдалуучу акылуу кызматтардын бааларын бекитти. Кеп, аты-жөндү өзгөртүү жана жарандык абал боюнча актыларга кошумча маалымат киргизүү тууралуу болуп жатат.

 

Мындай ар бир кызматтын баасы 585 сомду түзөт. Алар арыз келип түшкөндөн кийин 1-3 күндүн ичинде аткарылат. Кадимки шартта бул кызматтарды көрсөтүүгө 10 күн талап кылынат, бирок акысыз негизде. Жаңы тарифтер 1-январдан тарта күчүнө кирет.