Кыргызстанга Бириккен Араб Эмирлигинен 191 кыргызстандык кайтып келди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, бул максатта Дубай-Бишкек чартердик каттамы уюштурулду. Келгендердин арасында жаш баштар дагы бар.
Дубай аэропортундагы тартипке ылайык, каттамдагы бардык жарандар коронавируска экспресс-тест тапшырышкан. Сыртта калган мекендештерди Кыргызстанга кайтарып келүү боюнча иштер уланат.