Медицинанын 41 кызматкерине мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды

Президент Сооронбай Жээнбековдун 3-июлда чыгарган жарлыгында белгиленгенге караганда “коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүгө, калктын саламаттыгын сактоого жана санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулукту камсыз кылууга салым кошкондугу үчүн” медицина тармагынын 41 кызматкерине мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды.

 

Алардын ичинен III даражадагы «Манас» орденине Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев, Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасынын директору Асамидин Марипов татыктуу болушту.

 

“Даңк” медалы Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин Лабораториялык сыноолор борборунун башчысы Айгүл Жумакановага, Москва районунун аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн улук медайымы Бегим Кабыловага жана Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын гепатология бөлүмүнүн медайымы Гүлипа Мадраимовага ыйгарылды.

Мындан тышкары медицина тармагынын 17 кызматкерине «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы» мамлекеттик наамы, 19 кызматкерине “Кыргыз Республикасынын ардак грамотасы” ыйгарылды.

 

Коронавирус пандемиясы башталган 18-марттан 3-июлга чейин өлкө боюнча бул илдет 6767 адамдан табылды, алардын ичинен 76 бейтап кайтыш болду, 2655 бейтап айыкты.

 

Бул аралыкта коронавирус 994 медицина кызматкерине жукту, алардын 484ү айыгып чыкты. Расмий статистика боюнча төрт кызматкер каза болду.

Кыргызстанда жыл сайын июль айынын алгачкы жекшембиси медицина кызматкерлеринин күнү катары белгиленет. Мындай токтомду Кыргыз өкмөтү “Кыргыз республикасынын элинин саламаттыгын сактоо жөнүндөгү” мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу 1993-жылы 8-июнда чыгарган.