Кыргызстанда “акылдуу эсептегичтер” 2024-жылга чейин орнотулат

Кыргызстанда “акылдуу эсептегичтер” 2024-жылга чейин орнотулат. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин төрагасы Айтмамат Назаров билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлко аймагында 215 миң жабдуу орнотулду.

 

Быйыл дагы 300 миң эсептегич орнотуу пландалууда. Белгилеп кетсек, “акылдуу” эсептегичтер электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында жүргүзбөгөн керектөөчүлөрдү жарыктан аралыктан өчүрүп коюу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт.