Эл аралык аба каттамдарын жандандыруунун так күнү белгилене элек

Эл аралык аба каттамдарын жандандыруунун так күнү белгилене элек. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, 15-июндан тарта Кыргызстан аэропорттору башка мамлекеттерден учактарды кабыл алууга даярдык көрө баштайт.

 

Ал эми эл аралык аба каттамдарды толук жандантууга өкмөт уруксат бериши керек. Эске салсак, буга чейин Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев эл аралык аба каттамдар 15-июндан тарта жанданат деп жарыялаган. Министрликтен белгилешкендей,

 

Акышев такталбаган маалыматты берип алды.