“Исфана” аэропортунда кайра калыбына келтирүү иштери кызуу жүрүүдө. Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, учурда анын учуу-конуу тилкеси жаңыртылып жатат.
Буга чейин аэробекеттин имаратын кеңейтүү иштери жүргүзүлгөн. Кайра калыбына келтирүү иштерине каражат “Манас” эл аралык аэропортунан бөлүнгөн.